Кодуранова Асел Союзбековна

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-85-32

1971-жылы 13-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун комсомолдук комитетинде эсепке алуу секторунун статисти болуп   баштаган.

1991-1993-жылдары Кыргызстандын  Биринчи май РК ЛКСМинде  сектор башчысы болуп иштеген.

1994-2009-жылдары КСДП партиясынын Аппаратында секретарь, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары болгон.

2009-2010-жылдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болгон.

2011-2012-жылдары  «Кыргызтелеком»  ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү;

2012-2015-жылдары  Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үч баланын энеси.