Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети

Кадыркулов Искендер Анарбекович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312-63-87-31

1962-жылдын 20-октябрда Ош облусунун Фрунзе районунун Үч-Коргон айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1984-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун «зооинженерлик» адистиги боюнча аяктаган.1985-1988-жылы Кырг. МИИИнин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1984-жылы жолдомо боюнча Сокулук районунун «КОСС»  ишканасынын бригадиринин жардамчысы болуп иштеп баштаган.

1988-1991-жылдары институттун илимий кызматкери;

1991-1993- жылдары Токмок шаардык кеңешинин кызматкери;

1993-1997- жылдары коммерциялык түзүмдөрдө иштеген.

1997-1999- жылдары  “Беловодск жылкы заводу” мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы;

1999-2009- жылдары  “Урсус” ЖАКтын президенти;

2009-2010- жылдары Чүй областынын Москва районунун администрация башчысы-акими;

2010-2012- жылдары “Но бил” коомдук фондунун президенти;

2012-2015-жылдары “Северэлектро” ААКтын  директору;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.