1984-жылдын 16-февралында Ош облусунун Карасуу районундагы Төлөйкөн айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин “Информациялык системалар жана технологиялар” адистиги боюнча бүтүргөн, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүрүп, “Менеджмент” багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасы ыйгарылган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

Эмгек жолу

2009-2012-жылдары “Жаңы шаар Курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору.

2014-жылдары “Арек курулуш” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси.

2014-2017-жылдары “Кыргыз Каганат” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси.

2018-2019-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директорунун кеңешчиси.

2019-2020-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын кеңешчиси.

2021-жылы-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

“Кыргыз тили”, “Ыйык тил” төш белгилери менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Грэпплинг ADCC Федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Ардактуу атуулу.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.