Өмүрбаяны
1985-жылы Ысык-Кɵл облусуна караштуу Тоң районунун Бɵкɵнбаев айылында тɵрɵлгɵн.
2002-жылы Бишкек шаарынын № 74 гимназияны бүтүргɵн. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясына тапшырып, эркин күрɵш спорт түрү боюнча машыктыруучу болуп, ал эми 2007-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жол кыймылынын уюштурулушу жана коопсуздугу боюнча факультетин аяктаган.
2011-жылдын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын менеджмент багыты боюнча магистр даражасын алган.
Иш тажрыйбасы боюнча 2007-жылдан 2021-жылга чейин машыктыруучу болуп эмгектенип келе жатат.
2016-жылы Ысык-Кɵл облусунун кулатуу Эр таймаш федерациясынын Президенти болуп дайындалган.
Кулатуу күрɵш боюнча 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын чемпионунун наамына ээ болгон.
Ысык-Кɵл облусунун Тоң районунун Тɵрткүл жана Күн-Чыгыш айыл ɵкмɵттɵрүнүн Ардактуу атуулу.
2021-жылдын 25-февралынан «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.