Өмүрбаяны
1959-жылы 23-июлда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн;
Жогорку билимдуу. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтун “инженер-механик” адистиги боюнча аяктаган;
1987-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин юридика факультетин бүтүргөн;
Эмгек жолун 1980-жылы Ош облустук снабжение ишканасында жумушчу болуп баштаган;
1981-1984-жылдары Оштогу №4 жүк ташуучу унаа базасында слесарь кесибинде иштеген;
1984-1988-жылдары түштүк аймагы боюнча өндүрүш автотрестинде инженер болуп иштеген;
1988-1990-жылдары Өзгөндүн АТП “Агропромтранс” ишканасынын эксплуатация бөлүм башчысы;
1990-1991-жылдары Өзгөндүн АТП “Агпромтранс” ишканасынын башчысы;
1991-1994-жылдары МП “Транспортник” ишканасынын башчысынын орун басары;
1994-2001-жылдары АК “Залкар” башчысы;
2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы;
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты;
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.