1973-жылы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айлында туулган.

Боз-Учук орто мектебин аяктаган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү.     

Үй-бүлөлүү, эки баланын  энеси.     

1996-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин физика-математика факультетин жана 2010-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1996-жылы  Кыргыз Улуттук  университетинин «Информациалык технологиялар» кафедрасында  инженер болуп баштаган. 1997-жылдан 2009-жылга чейин аталган кафедрада   улуу окутуучу болуп эмгектенген.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарындагы Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо Башкармалыгында специалист болуп иштеген.

2010-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Улуттук университетинде жана Кыргызстандагы Эл аралык университетинин «Эл аралык укук» кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенген. Ошол эле Эл аралык университетте аспирантурада окуп, «Юриспуденция» жаатында «Кыргыз Республикасында өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны ишке ашыруунун теориялык жана укуктук негиздери» аттуу илимий иштин үстүндө эмгектенип келе жатат. Бир канча илимий иштери ачык булактарда жарыяланган.

2014-жылдын январь айынан  тартып 2015-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.

Ошондой эле, 2015-жылдын апрель айынан тартып   Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн эксперти болуп эмгектенип келген.

Урумкалиева Ч.Ч. мамлекеттик кызмат тутумунда 6 жылдан ашык иштеп келүүдө,  «Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси»; 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каты менен сыйланган;

Кыргыз Улуттук университетинин «Ардак грамотасы» жана «Мыкты лектор» деген наамдардын ээси.