1980-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районундагы Токмок шаарында тѳрѳлгѳн;

Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ишкердик жана укук Москва институтунун Бишкектеги филиалынын юридика факультетин бүтүргөн;

Эмгек жолун 1999-жылы “Эликсир-Экспресс” ЖЧКсында жумушчу болуп иштеп баштаган;

2001-2003-жылдары балдарды окутуу борбору “Мээрим” эл аралык кайрымдуулук фондунда, андан кийин Токмок-Мельзаводунда экономист, “Интергласс” ЖЧКсында коопсуздук инспектору болуп иштеген;

2004-2005-жылдары – Чүй облусуна караштуу ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөгөн;

2005-2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-2012-жылдары Чүй облусуна караштуу ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөгөн;

2012-2015-жылдары - “Хово Центр” ЖЧКнын аткаруучу директору;

2015-2018-жылдары - Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы;

2013-жылдан баштап Чүй жана Кемин райондорунун, Токмок шаарынын бокс федерациясынын президенти;

2016-жылдан баштап “Барс - Токмок” кесиптик мушкердик клубунун президенти;

2016-жылы Токмок шаардык кеңешинин депутаты, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы болуп шайланган;

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын  депутаты;

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.