Туулган күнү:   1953-жылдын  6-февралында Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды айылында туулган.

Жогорку билимдүү: 1981 - Фрунзе политехникалык институтунун технология факультети.

Эмгек жолу:

1972-1975           Советтик Армиянын катарында Кара деңиз флотунда кызмат өтөгөн;

1976                    Кайынды кант заводунда жумушчу;

1981-1987           Кайынды эт комбинатында технолог, МЖКнын жетекчиси, башкы инженер;

1987-1991           Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинде инструктор болуп эмгектенген;

1991                    Малды бордоп семиртип жана кайра иштетүүчү «Тунгуч» ассоциациясынын башкы директору;

1992-1993           Чүй облустук тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ассоциациясынын башкы директору, башкармалыктын башчысы;

1993-1997           "Кыргыз Тамак-Аш" концернинин эт комбинаты заводунун башкы директору;

1998-2002           ААК «Бишкек эт-консерва комбинатынын» башкы директору;

2002-2004           “Кыргызалко” мамлекеттик акционердик коомунун башкы директору, ошол эле учурда “Алкопром” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2005-2007           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактардын экономикасын өнүктүрүү, ишкердик жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча комитетинин Төрагасы;

2008-2010           Жайыл райондук Мамлекеттик администрациянын башчысы;

12.10–12.11        Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри;

08.13-06.20         ААК «Бишкек эт-консерва комбинатынын» директорлор кеңешинин мүчөсү, коммерциялык директору;

2020-жылдын июнь айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүк абалы:   Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

Кошумча маалымат:

2001 - Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери;

«Даңк» медалы менен сыйланган;

2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.