Өмүрбаяны
1975-жылы 25-октябрда Талас облусунун Ак-Сай айылында төрөлгөн.
1994-жылы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык Резерв окуу жайын аяктаган.
2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүткөн.
2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясын аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болуп баштаган.
2004-2008-жылдары Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болгон.
2008-2009 Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде окуу-машыгуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын эркин курош боюнча улуттук командасынын ага машыктуручусу болгон.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.
2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директору болуп кызмат өтөгөн.
2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын вице-президенти.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын жылдын мыкты машыктыруучусу болгон. Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону.
1991-жылы уландардын СССР биринчилигинин жеңүүчүсү болгон.
1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн эркин күрөш боюнча биринчилигинде күмүш медаль уткан.
2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасын кыздар күрөшүнүн ага машыктруучусу.
2020-жылдын 31-августунан Кыргыз Республикасын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу.