Зулпукаров Төрөбай Закирович

1974–жылдын 19–январында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.

1992 – 1993 – жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн  Улуттук Гвардиясынын атайын багыттагы бөлүмүндө кызмат өтөгөн.

 

Жогорку билимдүү:

1. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин тарых факультетин аяктаган.

2. Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин   бүтүргөн.

 

Эмгек жолу: 1994–жылы (1997–жылга чейин) Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштөөдөн баштаган. Спорттун кармашып урушуу (рукопашный бой) түрү боюнча чебери, 2-дан кара курдун ээси.

1998 – 2010 –жж. Жеке ишкерлик менен алектенген.

2010 – жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V -чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2010 - 2012-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.

2012 – 2015-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.

2012 – 2015-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү.

2013 -2015-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши жана Казакстан Парламентинин Мажлиси ортосундагы кызматташтык боюнча комиссиясынын теӊ төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин мүчөсү.

2015 – жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын  тизмеси менен VI- чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орун басарлыгына бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.

2016 - жылдан азыркы убака чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Иордания, Сирия Араб Республикасы, Палестина мамлекети, Сауд Аравия Королдугу, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт Мамлекети жана Катар менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси.

Үй-бүлөлүү, эки уул жана эки кыздын атасы.

 

Класстык чендери: Мамлекеттик кызматтын III - класстагы мамлекеттик кеӊешчиси. Аскердик наамы: Запастагы полковник.

 

Сыйлыктары жана кошумча маалыматтары:                                                                              

КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кызматташтык Ордени;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы;

КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Ардак» медалы;

Саха (Якутия) Республикасынын Парламентинин Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги;

Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык ишинин отличниги;

Бүткүл дүйнөлүк кармашып урушуу федерациясынын Алтын медалы.                                                        

 

Тилдерди билүүсү: Кыргыз тили, орус тили эркин, англис тили сөздүк менен окуу, которуу.