Бешимбаева Айгерим Кабылбековна

Бешимбаева Айгерим Кабылбековна

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Кайрылуу

1990-жылы 10 январда Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2012-жылы  Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин  «Статистика»  адистиги боюнча  аяктаган. Квалификациясы «Экономист».

 2013-ж. апрель - июнь - «РСК Банк» ААКнын сактык кассасынын кассири; болуп эмгектенген;

2013-ж. июнь -2014-ж. октябрь - «РСК Банк» ААКнын сактык кассасынын бухгалтери болуп иштеген;

2014-ж. октябрь - 2016-ж. март - «РСК Банк» ААКнын сактык кассасынын жетекчиси болуп дайындалган;

2016-ж. октябрь – 2016-ж. сентябрь – «РСК Банк» ААКнын сактык касса башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген;

2016-ж. сентябрь – 2018-ж. апрель – «РСК Банк» ААКнын Кызматкерлер менен иштешүү башкармалыгынын алдыңкы менеджери болуп эмгектенген;

2016-ж. апрель – 2018-ж. август – «РСК Банк» ААКнын Кызматкерлер менен иштешүү башкармалыгынын башкы менеджери болуп иштеген;

2018-ж. август – 2020-ж. апрель – «РСК Банк» ААКнын Маркетинг департаментинин башкы менеджери болуп дайындалган;

2020-жылдын апрель айынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  VI чакырылышынын  «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты.