1978-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин “Финансы жана Кредит” факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2001-жылы жеке ишкер катары баштаган.
1996-2001-жылдары Ош облусундагы Кыргыз-Өзбек университетинин студентти;
2001-2008-жылдары жеке ишкер;
2008-2010-жылдары АК «Гаранттын» директору;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы болуп эмгектенген.
2011-жылы 24-июнунан тарта АК «Гаранттын» директору;
2011-жылдын 21-июлунан 23-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген;
2011-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V-чакырылышынын депутаты;
2018-жылы 29-ноябрда ААК «Кыргызтелекомдун» төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган;
2018-жылдын 26-декабрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.