Жээнбеков Асылбек Шарипович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-87-91

2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалык кызмат ордуна шайланган Жээнбеков Асилбек Шарипович 1963-жылдын 27-августунда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чараба институтун, 1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, ал эми 2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы «Ак-Жар» совхозунда агроном кесибинен баштаган.

1987-1992-жылдары Кыргыз пахтачылык жана түштүк айыл чарбасы боюнча тажырыйба станциясында илимий кызматкер болуп иштеген.

1992-1996-жылдары «Шариф», 1996-2002-жылдары «Искен» жоопкерчилиги чектелген коомдордун директору, 2002-2007-жылдары «Агрозооветсервис» ишканасынын башкы директору болуп турган.

2002-2007-жылдары – «Жер азыгы» Кыргызстан агробизнесчилер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы. 2007-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Рeспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңеш Төрагасынын орунбасары болгон.

2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын 4-ноябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.