Өмүрбаяны
1962-жылы 11-мартта Ош областынын Ноокат районундагы Калинин айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1981-1986-жылдары Ташкент фармацевтикалык институтунун студенти.
Эмгек жолун 1979-жылы Ноокат районундагы Чапаев атындагы колхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган.
1986–1987-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.
1987–1988-жылдары – Кызыл-Кыя шаарындагы №329 - дарыканасында провизор-техник болуп иштеген.
1988–1993-жылдары – Кызыл-Кыя шаарындагы №329 - дарыкананын башчысы.
1987–1996-жылдары – Кызыл-Кыя шаарындагы №274 - дарыкананын башчысы.
1996–2000-жылдары – жеке ишкер.
2000–2005-жылдары – «ЭУМ» ЖАК, Башкармалыктын Төрагасы.
2005–2008-жылдары – «НУР-КМ» ААК, Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары.
2008–2018-жылдары – «НУР-КМ» ААК, Директорлор кеңешинин төрагасы.
2018 – жылдын ноябрь айынан тартып “Бир Бол” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2004 – жылы “Кыргызстандын агрардык элитасы” Президенттин улуттук сыйлыгынын “Кайра иштетүү өнөр-жай ишканаларынын мыкты кызматкери” сыйлыгына ээ болгон.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.