Алыбаев   Орозбек  Артильевич

Алыбаев Орозбек Артильевич

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Кайрылуу

1956 жылы 9-майда Чүй облусуна караштуу  Панфилов районунун, Чолок-Арык айылында туулган.

1979-1984 жылдары  Москва шаарындагы Бүткүл союздук тамак-аш өнөр жай институтун аяктап, экономист кесибин алган.

-1995-1998 жылдары Бишкек  шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик  Улуттук университетин аяктап “Юриспруденция”  адистигин алган.

-1975 -1977 жылдары   Мурманск шаарында,  Советтик армиянын  катарында кызмат өтөгөн,улук сержант  наамына ээ.

-1978-1981  жылдары   Панфилов районуна караштуу, Панфилов айылынын колхозунда  комсомол    уюмунун катчысы болуп   эмгектенип баштаган;

 -1982-1987 жылдары  Панфилов  районуна караштуу  Каинды даярдоо  конторасында  товаровед, директордун орун басары болуп эмгектенген;

1987-май айынан октябрь айына чейин  Панфилов райондук партиялык  комитетинин (райком партия) - уюштуруу бөлүмүндө инструктор болуп эмгектенген;

-1987-1990 жылдары  Панфилов райондук Чалдовар айылында  райондук керек-жарак союзунун -  Төрагасы кызматын аркалаган;

-1990-1995 жылдары Панфилов районуна караштуу Каинды даярдоо  канторасында –директорлук кызматта иштеген;

-1995-1998  жылдары  Бишкек шаарындагы Ала-Арча  базарынын «Ош базарында» -Генералдык  директор кызматын аркалаган;

-1998-2012 жылдары  ЖЧК «Артель О» фирмасында –директор  болуп эмгектенген;

- 2012-жылы   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде  депутаттын жардамчысы болуп кызмат кылган;

- 2012-2015  жылдары Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн  алдындагы  Мамлекеттик Салык кызматынын  башкармалыгында  начальниктин  орун  басары  болуп иштеген.

2018- жылдын июнь айынан баштап «Кыргызстан» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  депутаты.

Үй-бүлөлүү , 4 баланын атасы