1962 – жылы 18-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тон районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Жогорку Билимдүү: 1980г –1983г. жылы Ташкентеги Геолого-чалгындоо техникумунан Техник чалгындоочу  кесибин бүтүргөн.

1986 -1991жж. Фрунзедеги Политехникалык институтунун Автомобиль жолдору, Инженер куруучусу кесибин бүтүргөн.

Эмгек жолун 3 разрядтагы Бургулоочу болуп “Кумтөр” чалгындоо отрядында баштаган.

1991-жылдын ноябрь айынан баштап эмгек жолун Чүй облусунун мамлекеттик автоинспекция бөлүмүндө жол патрулдук кызматында  уланткан.

1991-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүндө ага тескөөчү болуп иштеген.

2001-2006-жылдары   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү.    

2006-2008-жылдары  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Ысык-Ата районундук  каттоо бөлүмүнүн башчысы.    

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо, анализдөө жана алдын алуу борборунун башчысы.    

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын көзөмөл каттоо бөлүмүнүн башчысы.    

2010-жылдын февраль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин башкы адиси болуп иштеген.

2010-жылдан апрелинен 2014-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин директору кызматын аркалаган.

 

Сыйлыктары:

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын “Ардак грамотасы”;  

Кыргыз Республикасынын  II даражадагы “Азамат” медалы.

Мамлекеттик автоинспекциясынын  «Мыкты кызматкери» медалы;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 80 жана 85 жылдык маарекелик медалдары;

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мыктысы” төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын Афган согушун  ардагерлер Кенешинин, коомдук жашоосуна  активдүү катышкандыгы жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн Москва шаарынын Россиялык Афган согушунун Кенеши тарабынан “Ардак грамота” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин  мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын подполковниги.