1960-жылы 19-декабрда Талас облусунун Үрмарал айылында төрөлгөн

Билими:

1982 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган

1996 — Кыргыз мамлекеттик улутттук университетинен "укук таануучу" адистиги боюнча билим алган

 

Эмгек жолу:

1985-1995 — ИИМдин эмгек-түзөтүү мекемеси башкармалыгында инженер;

1995-1996 — Чүй облустук Аламүдүн РИИБдин "Беркут" отрядынын командири;

1996-2000 — КР ИИМдин Кылмышкерди издөө башкармалыгында ага кызматкер;

2000-2002 — КР ИИМдин оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгында оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүндө жетекчи;

2002-2004 — КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;

2004-2005 — Жалал-Абад ОИИББ жетекчисинин орун басары;

2005-2008 — КР ИИМдин кылмышкерди издөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары

2008 — КР ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2008-2009 — КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;

2009-2010 — ИИМдин 9-башкармалыгынын жетекчиси, Бишкектин Свердлов райондук ИИБлин башчысы;

2010-жылдын майында Бишкек ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин 2012-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген;

2012-2013 — КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген.

2017-жылдын 4-октябрында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.