Шадиев Аскарбек Алимбаевич

Шадиев Аскарбек Алимбаевич

"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Кайрылуу

1969-жылы 31- январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган.

1999-жылы Кыргыз улуттук университинин юридика факультетинде юриспруденция адистигине ээ болгон; 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университинин эсеп жана экономика факультетинин бухгалтер, соода чарбалык иш аракеттерди контролдоо жана талдоо адистигине ээ болгон; 1988-жылы Фрунзе Политехникалык техникумун артыкчылык менен аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган.

1993-1994 – жылдары «Сфера» өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары болуп баштаган.

02 – 07.1995 – жылы  «Азнур ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомдун коммерциялык директору.

1995-2000 – жылдары «Корпорация Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдун вице-президенти.

2000-2002 – жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. Жеке менчик, приватизация жана лицензия берүү комитетинин төрагасы болгон.

06-10.2002 – жылы Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары кызматында иштеген.

2002-2003 – жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектеген – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

2003-2005 – жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен областынын губернатору – мамлекеттик администрация башчысы.

2005-2007 – жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2007-2009 – жылдары  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон.

2009-2010 – жылдары  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон.

2010-2012- жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри.

2015-2017-жылдары VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.

2017 – жылдын декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри.

Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Дипломатиялык рангы – «Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси».