Гайпкулов Искандер Төрөбаевич 1966-жылдын 25-мартында Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Арык айылында туулган.

Эмгек ишмердигин 1984-жылы Ош облусунун Араван райондук каржы бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.

1984-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун "финансист" адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Алма-Ата шаарындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясын "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

1984-жылдан тартып 1986-жылга чейин СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

 

1984-1986-жылдары - Араван райондук финансы бөлүмүндө мамлекеттик киреше боюнча инспектор;

1986-1990-жылдары - Ош облустук финансы башкармалыгында текшерүүчү-инспектор, текшерүүчү ага инспектор;

1990-1991-жылдары - Ош облусунун  Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору;

1991-1992-жылдары - Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүм башчысы;

1992-1993-жылдары - Ош шаарынын Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;

1993-1996-жылдары - Ош облусунун Араван районунун  Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси;

1996-1999-жылдары - Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси;             

1999-жылдын август айынан тартып декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары;

1999-жылдын декабрь айынан  2002-жылга чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - Акими;

2002-2005-жылдары -  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлчүлүктүн катчылыгы, “Инвестициялык төгөрөк стол” коомдук бирикмесинин эксперти;

2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин III чакырылышынын депутаты;

2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

2011-2013-жылдары - "РСК Банк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;

2013-2015-жылдары - жеке ишкер;

2015-жылдын январь айынан тартып 2017-жылдын декабрь айына чейин - "Аймактык саясат институту" мамлекеттик эмес билим берүү мекемесинин Борбор Азия боюнча филиалынын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору;

2017-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты.

 

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2009-жылы  "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Биринчи даражадагы салык кызматынын кеңешчиси.

Аскердик наамы - подполковник.

Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.