Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Жураев Сайдолимжон Маруфович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312-63-88-29

1965-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Д.Ф.Устинов атындагы Ленинград аскер-механикалык институтун “инженер-механик” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Түштүк базада темир уста болуп баштаган.

1990-1991- жылдары - «Алай» машина куруучу заводдо мастер;

1991-1992- жылдары - механикалык өндүрүштү даярдоочу цехтин жетекчисинин орун басары;

1992-1993- жылдары цехтин жетекчиси;

1993-1996- жылдары «Маруф»кичи ишканасынын коммерциялык суроолор боюнча директордун орун басары;

1996-1999- жылдары Кызыл-Кыя машина куруучу заводунда (МАК) өндүрүш боюнча директордун орун басары;

1999-2008- жылдары Кызыл-Кыя машина куруучу заводунда (АТАК) өндүрүш боюнча директордун орун басары;

2008-2015-жылдары Кызыл-Кыя машина куруучу заводунун (АТАК) башкармалыгынын төрагасы;

2004–2015-жылдары КСДП партиясынын Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары;

2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.