Шарапов Закир Эшматович 1965-жылы 18-апрелде Баткен областынын Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында туулган.
    Билими жогорку. 1990-жылы Кыргыз К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган. 1997-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук унивиерситетин бүтүргөн. «2-класстагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.
    Эмгек жолун 1982-жылы Хайдаркан 243-ПМКсында жумушчу болуп баштаган.
    1983-1985-жылдары Советтик армиянын катарында Владивосток аскер-деңиз флотунун десанттык ротасында кызмат өтөгөн.
    1985-1990-жж. – Кыргыз агрардык институтунда студент.
    1990-жылдан 2000-жылга чейин «Кыргызагроснаб» («Кыргызайылкөмөк» АК) республикалык бирикмесинде Айыл чарба товарлары бөлүмүнүн инженери, Айыл чарба товарлары жана атайын кийимдер бөлүмүнүн башчысы, Пландаштыруу жана сатуу башкармалыгыгын башчысы болуп эмгектенген. 1996-жылы ушул мекеменин генералдык директорунун орун басары болуп дайындалган.
    2000-жылы № 25 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган.
    2007-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү Агенттигинин статс-секретары болуп иштеген.
    2011-2012-жж. – Юстиция министрлигинин нотариат жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы.
    2017-жылдын декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан депутаты.
    2001-ж. - «Кыргыз Республикасына 10 жыл» эстелик белгиси менен сыйланган.
    2002-ж. – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 80-жылдык юбилейине карата чыгарылган юбилейлик медаль менен сыйланган.
    2004-ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн кыргыздардын Дүйнөлүк экинчи Курултайынын делегаты болгон.
    2009-ж. – «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
    2010-ж. – Кыргыз Республикасынын «Ынтымак курултайынын» делегаты.
    2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Ардак грамотасы» ыйгарылган.
    Үй-бүлөлүү. 2 кыз, 2 уулдун атасы, 2 неберенин таятасы.