Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-86-02

1966-жылдын 30-майында Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “машыктуруучу-мугалим” адистиги боюнча жана 2013-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы баштаган, МПМКга бетон даярдоочу болуп иштөөдөн баштаган.

1988-жылы “Ирригатор” бакча коомчулугуна кароолчу болуп орношкон, 1989-жылы №2 тазалоо-пресстөчүү цехке 2 разряддагы транспортировщик болуп дайындалган.

1992-жылдан 2010-жылдын сентябрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы  мамлекеттик кеңешчи