Керезбеков Канат Керезбекович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон : 0312 63-85-47

1970-жылдын 29-январында Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясынын докторантурасын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1992-жылы “Элдос лтд” илимий-өндүрүштүк фирмасында юрисконсульт болуп иштөө менен баштаган.

1996-2005-жылдары Кыргыз Републикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия жана укук  институтунун укук бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери, илимий кызматкери, улук илимий кызматкери, бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

1998-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын окутуучусу, адистерди максаттуу даярдоо институтунун юридика факультетинин жарандык жана ишкердик укук кафедрасынын доценти, Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун бажы жана юридикалык кадрларды кайра даярдоо факультетинин доценти, жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы, директордун орун басары, директордун милдетин аткаруучу кызматын алып барган.

2005-2009-жылдары ААК “Учкун” директорлор кеңешинин мүчөсү, директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

2005-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп иштеген.

Коомдук ишмердүүлүгү:

2000-2005-жылдары Аз камсыз болгон жана   кембагал жарандар үчүн жарандык иштер боюнча акысыз юридикалык кеңештерди уюштуруучу «Евразия» фондунун колдоосу менен түзүлгөн «Жардам» долбоорунун автору жана жетекчиси;

2001-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Соода өндүрүштүк палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунун судьясы;

2003-2004,2010-2013 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү;

2006-жылдан азыркы кезге чейин Медиа Өкүлчүлүк Институтунун байкоочу кеңештин мүчөсү;

2011-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Ректорлор Кеңешинин башчысынын орун басары;

2011-2013 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридика илимдеринин докторлук(кандидаттык) илимий даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча Д.12.11.033 Диссертациялык кеңештин төрагасы;

2012-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңешинин мүчөсү;

2012-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү;

2013-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын жогорку Аттестациялык Комиссиянын мүчөсү;

2014-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор Ассоциациясынын башчысынын орун басары;

2014-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясынын юридика илимдердин докторлук(кандидаттык) илимий даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча Д.12.14.490 Диссертациялык кеңештин төрагасы;

2015-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу илим жана инновация боюнча Кеңештин мүчөсү;

2015-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү.

Кошумча маалымат:

1998-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин доктордук (кандидаттык) диссертацияларды жактоо боюнча  Ведомстволор аралык диссертациялык Кеңештин  мүчөсү;

2000-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Урал Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын(Екатеринбург шаары, Россия Федерациясы) өкүлчүлүгүнүн директору;

2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын  Юстиция министирлигинин алдындагы ченемдик-укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү;

2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинин адвокаттык ишмердик менен алектенүүгө лицензия алуу боюнча квалификациялык комиссиянын мүчөсү;

2011-жылдан азыркы кезге чейин Укуктук саясат концепцияларынын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу тобунун мүчөсү;

2011-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү;

2003-2006-жылдары ARD/Checci жана USAID коммерциялык укукту өнүктүрүү долбоору каржылаган “Укук жана ишкердүүлүк” журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын даярдоо боюнча конституциялык кеңешменин мүчөсү;

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана Акыйкатчысынын алдындагы адам укугу боюнча Кеңешинин мүчөсү;

2008-жылдан азыркы кезге чейин Казахстан Республикасынын “Мыйзам жана мезгил” республикалык коомдук-саясий, илимий-укуктук журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү;

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын даярдоо боюнча конституциялык кеңешменин мүчөсү;

100дөн ашык илимий эмгектердин автору.

Анын илимий жетекчилиги астында юридика илимдеринин 30 кандидаты, 6 юридика илимдеринин докторлору диссертацияларын коргогон.

«Кыргыз Республикасынын Жер укугу», «Бейтарап сот», «Укуктаануу» окуу китептерин жазуу боюнча автордук коллективин жетектеген;

«Кыргыз Республикасындагы массалык маалымат каражаттары жана укук» окуу китебинин авторлошу;

Кыргыз Республикасынын Демократиялык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Кыргыз Республикасындагы жер-агрардык реформасы боюнча мыйзамдардын пакетин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Ипотека жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Бейтарап соттор» жана мыйзам актылары жөнүндө Мыйзамын даярдоого катышкан.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Юридика илимдеринин доктору, профессор.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «ДАҢК» медалы ыйгарылган.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин буйругу менен Юстициянын отличниги төш белгиси менен сыйланган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин буйругу менен Билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт балалуу.