Осмонова Айнура Шермаматовна

КСДП парламенттик фракциясы

Билими:

1988-1993-Кыргыз мамлекеттик университети, эсептөө-экономикалык факультет, «экономика соодасы» адистиги;

1999-2000-Кыргызстандагы Эл аралык университет, юридика факультети, «юриспруденция» адистиги;

Иш тажрыйбасы:

1994-жылдын октябры – Жалал-Абад шаарындагы «Кыргызстан» АКБнын башкы дирекциясы, кредиттик саясаттын башкы адиси;

1998-жылдын июлу – баалуу кагаздар жана банк ресурсу боюнча бөлүмдүн башкы адиси;

1999-жылдын марты – «Акционердик Интернешнл Бизнес Банк», кардарлар менен иштөө адиси;

2000-жылдын июну – Жалал-Абад шаарындагы «Ысык-Көл» АКБ инвестициялык банкынын филиалынын кредиттик бөлүмдүн башчысынын орун басары;

2001-жылдын ноябры – «ЭкоБанк» «Эко-Жалал-Абад»  филиалынын башкаруучусу;

2008-жылдын августу – «ЭкоИсламикБанк» ААКнын башкармалыгынын мүчөсү, «Жалал-Абад» шаарындагы  филиалынын башчысы;

2011-жылдын январы – «ЭкоИсламикБанк» ААКнын башкармалыгынын түштүк бөлүмү боюнча орун басары;

2013-жылдын августу – башкармалыктын мүчөсү, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКнын филиалынын башчысы;

2014-жыл – ЭкоИсламикБанк» «Жалал-Абад» ЖАКнын филиалынын башчысы.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч жолку  чакырылышынын депутаты.

Жалал-Абад шаарынын ардактуу жараны.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын,  шаардык кеңештин жана Жалал-Абад  облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

«Жылдын мыкты банкири» Диплому

КР ИИМинин медалы.