Торокулов Дүйшөн Гуламкадырович

"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Телефон : 0312-63-89-07

1981–жылы 18-августта Ош областынын Кара-Суу районундагы Октябрь айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2009-жылы Баткен облусунун Экономика, технология жана укук институнун педагогикалык факультетин жана 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 2000-жылы Кара-Суу шаарындагы «Кыргыз соода биримдиги» ишканасынын текшерүүчүсү болуп эмгектенип баштаган, кийин ошол эле ишкананын  коопсуздук кызматында иштеген.

2003-жылдан 2007-жылга чейин жеке ишкердик менен алектенген.

2007-2009-жылдары «Лизарленд» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

2009-2012-жылдары Баткен бажысынын инспектору.

2012-жылы Ош бажысынын ага инспектору.

2012-жылы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы.

2016-жылдан баштап «Ак-Ордо» коомдук бирикмесинин төрагасы.

2017-жылдын январь айында  «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын 20-жылдык мааракесине арналган медалы менен сыйланган. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталарынын ээси. Мындан тышкары спорт тармагында дагы бир топ сыйлыктары бар.

Түштүк регионалдык эр күрөш федерациясынын төрагасы.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.