Эргешов Алмазбек Манасбекович

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Телефон : 0312 63-85-94

1968-жылы 13-декабрда  Бишкек шаарында туулган.

1990-жылы “Экономист” адистиги боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1993-жылы «Арууке» ОсООнун  Маркетологу болуп баштаган.

1994-1999 жылдары Жеке ишкер.

2000-2002 жылдары «Бахтияр» ЖЧШ – Мүдүр (Казахстан Республикасы).

2002-2004 жылдары «Сульшер» ЖЧШ – Мүдүр (Казахстан Республикасы).

2004-2005 жылдары «Союз» ЖЧШ – Мүдүр (Казахстан Республикасы).

2005-2009 жылдары «ТД «Пеликан» ЖЧШ – Мүдүр (Казахстан Республикасы).

2009-2013 жылдары «Содружество 7» ЖЧШ – Мүдүр (Казахстан Республикасы).

2013-2016 жылдары «Актеп» ЖЧШ – Консультан (Казахстан Республикасы).

2016-жылы ноябрь айынан тартып «Кыргызстан»  саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин    VI чакырылыштагы депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.