Карамушкина Ирина Юрьевна

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон : 0312 63-88-32

КАРАМУШКИНА ИРИНА ЮРЬЕВНА

1964-жылдын 7-апрелинде Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылында туулган. Билими – жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1981-жылы Фрунзе шаарынын №26 мектебинде улук пионер жетекчи болуп иштөөдөн баштаган. Педагогикалык жамаат тарабынан окуу комсомолдук уюмдун катчысы болуп шайланган. 1991-жылы – тарых мугалими, 1992-2000-жылы Бишкек шаарынын №1 орто мектебинин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары.

1995-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катарына өткөн.

2002-жылы – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбия секторунда жетектөөчү адис. 2003-2007-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Башкармалыгынын тарбия иштери боюнча секторун жетектеген. 

2004-жылы КСДПнын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болуп шайланган.

2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына депутаты.

2010-2015 - жылдары Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары.

2016-жылдын октябрь айында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси класстык чинге ээ (2013-ж.).

Билим берүү, илим жана мадания министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 54 «Ар кыл тармактардагы аялдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле аялдар кыймылына жана өлкөнүн коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн «Даӊк» медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №73 Жарлыгы менен «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгиси менен сыйланган.