Эгембердиев Максатбек Бакирович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон : 0312 63-92-25

1970-жылы Джалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча машыктыруучу. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун  1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 Р. Санатбаев атындагы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу болуп баштаган.

1996-2004-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;

2004-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;

2011-2012-жылдары Р.Санатбаев атындагы спорттук балдар мектебинин директору болуп эмгектенген;

2012-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келген.

2009-жылдан бери Жалал-Абад облустук грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти. СССРдин спорт  чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. КР билим берүүсүнүн отличниги.

2011-жылы КР билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы, 2013-жылы Ыраазычыдык Каты менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.