1982 жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган.

Жалал-Абаддагы Элдердин Достугу университетинен 1999-2005 жылдары билим алып, «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2001 жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, мектеп директору болуп иштеген.

2010-2015 жылдары Таш-Булак айылдык аймагынын башчысы болуп иштеген.

2016-жылдын июнунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган.

Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Үч баланын атасы.