"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Исаев Канатбек Кедейканович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-58

1975 – жылы 7—февралда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кошой айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөө менен баштаган. 
1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген. 
2001 - жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук Мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 
2002 - жылдан баштап 2005-жылга чейин «Тынай-Ата» биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген. 
2005- жылы финансы министрлигинин кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген. 
2006-2008- жылдары «Кыргызгаз» акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчи кызматтарын аркалайт. 
2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэринин кызматын ээлеген. 
2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 
2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин «Республика» депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген. 
2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
2015-жылдын июль айынан тартып «Кыргызстан» саясий партиясынын Төрагасы болуп шайланып, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери болуп кызматтанууда.

Кошумча:
Кыргыз Республикасынын «Көк-Бөрү» федерациясынын Президенти. 2013-жылы Эл аралык «Көк-Бөрү» федерациясынын Башкы катчысы болуп шайланган. «Тынай» көк-бөрү боюнча клубунун негиздөөчүсү.
Кыргыз Республикасынын Ардак граматосы менен сыйланган. Салык кызматынын 3 рангдагы кеңешчиси чининин алган. КМШ ПААнын юбилейлик медалы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматынын 3 класстагы кеңешчиси чини бар.

Үй-бүлөөлү, төрт баланын атасы