Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Аттокуров Данияр Бексултанович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-85-43

1980-жылдын 22-сентябрында Фрунзе  шаарында туулган.

Жогоркуу билимдүү. Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институтун «экономикада колдонмо информатика» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2008-жылы  «Медиа форум»  ААКта  референт болуп иштеп баштаган.

2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы болгон.

2011-2013 жылдары «Кыргызалтын» ААКга текшерүү комиссиясынын мүчөсү;

2013-2015-жылдары Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын борбордук штабынын координатору;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.