1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айлында туулган.
Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1995-1999-жылдары – жеке ишкер;
2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;
2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;
2005-2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон.
2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору болгон.
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2021-жылы №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин “Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй бүлөлүү, беш баланын атасы.