Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети

Токторов Алмазбек Сатиевич

Комитеттин төрагасынын орун басары

Телефон : 0312 63-85-76

Токторов Алмазбек Сатиевич 1966-жылдын 5-июлунда Ош облусундагы Эски-Ноокат айылында төрөлгөн.
1973 – 1983-жылдары Ноокат районунун Н.К.Крупская орто мектебинде окуган.
1983 – 1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик  медициналык институтунда окуган.
1988 – 1990-жылдары Ош облусунун Аптека башкармачылыгынын провизор-аналитиги болуп иштеген.
1990 – 1991-жылдары Ош шаарынын №311  аптекасынын башчысынын орун басары болгон.
1991 – 1992-жылдары Ош областтар аралык Аптека базасынын начальнигинин орун басары кызматында турган.
1992 – 1994-жылдары "Ак-Пейил" ишканасынын директору болгон.
1996 – 2016-жылдары  "Ош-Фарм-КА" акционердик коомунун директору болуп иштеген. 
2010 – 2014-жылдары Кыргыз Республикаснын "МеТА"  долбоорунун теңтөрагасы кызматын аркалаган.

2016-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган. Социалдык маселелер,билим берүү,илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комиттетин төрагасынын орун басары.

 1996-жылы " КР саламаттыкты сактоонун отличниги" төш белгиси ,  2017-жылы "КМШ ПА -25-жыл" маарекелик медалы менен сыйланган.

Үй- бүлөлүү, үч баланын атасы.