"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Нурматов Кубанычбек Советович

Фракция мүчөсү

Телефон : 0312 63-90-60

1966-жылдын 27-ноябрда Ош областынын Араван районундагы Маңгыт айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы Тышкы иштер министрине караштуу дипломатиялык академиясын, 2009-жылы Ош технологиялык университетинин «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1986-1990-жылдары Ош шаарында кирпич зоводунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1990-1994-жылдары Ош облустык ички иштер башкармалыгынын кызматкери;

1994-2004-жылдары жеке ишкер;

2004-2005-жылдары "Ошкрастекс" ЖЧКсынын  башкы директорунун орун басары;

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти;

2008 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүндө башкы адиси;

2008-2009 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Социалдык-протоколдук камсыз кылуу бөлүмүндө сектор башчысы;

2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Имараттарды пайдалануу жана коммуникациялар бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

2010-2011- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Москва шаарындагы атайын өкүлү болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынында аудитор болуп иштеген.

2015- жылы "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтынын 3-класстагы мамлекттик кеңешчиси