Нурматов Кубанычбек Советович

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-90-60

1966-жылдын 27-ноябрда Ош областынын Араван районундагы Маңгыт айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы Тышкы иштер министрине караштуу Дипломатиялык Академиясын, 2009-жылы Ош технологиялык университетинин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1986-1990-жылдары Ош шаарында кирпич зоводунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1990-1994-жылдары Ош облустык ички иштер башкармалыгынын кызматкери;

1994-2004-жылдары жеке ишкер;

2004-2005-жылдары "Ошкрастекс" ЖЧКсынын  башкы директорунун орун басары;

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти;

2008 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын Материалдык-техникалык камзыс кылуу бөлүмүндө башкы адиси;

2008-2009 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын Социалдык-протоколдук камсыз кылуу бөлүмүнүндө секторунун башчысы;

2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын Имараттарды пайдалануу жана коммуникациялар бөлүмүндүн башчысынын орун басар болуп иштеген.

2010-2011- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Масква шаарындагы атайын өкүлү болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынында аудитор болуп иштеген.

2015- жылы "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтынын 3-класстагы мамлекттик кеңешчиси