"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Макеев Нурланбек Кадыкеевич

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312-63-86-71

1970-жылдын 21-январында Нарын областынын Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы Нарын областынын Кочкор районундагы “Кочкорка” ЭОГПЗында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.

1997-2000-жылдары Бажы иштери боюнча “Туркуаз” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

2000-2001-жылдары “Дамла-Транс ЛТД” ЖЧКсында башкы директор;

2001-жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө оперуполномоченный болуп иштеген.

2002-жылдан 2003-жылга дейре Чүй жана Талас областтары боюнча Региондор аралык финансы полициясы башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн улук оперуполномоченныйы болуп эмгектенген.

2003-2004-жылдары Чүй жана Талас областтары боюнча Региондор аралык башкармалыгында 3-бөлүмдүн башчысы болгон.

2004-жылдан КР Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бишкек бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. Ошол жылдын сентябрынан 2005-жылга чейин КР Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Кара-Балта бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган.

2005-жылдан 2010-жылга дейре “Манас” бажыканасынын начальниги.

2015-жылдын 4-октябрында  “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.