Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1976-жылы 2-ноябрда Талас областындагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча  аяктаган.

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

2005-2007 жылдары «КАSI трейнинг» Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;

2007-2009 жылдары  «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;

2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча көчмө механикалаштырылган отрядынын башчысы;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган;

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт»  фракциясынын лидеринин орун басары;

2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланган;

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланды;

2017-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;

2021-жылдын ноябрында №20 бир мандаттуу Манас шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.