Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети

Жумабеков Дастанбек Артисбекович

Комитеттин төрагасынын орун басары

Телефон: 0312 63-86-30

1976-жылы 2-ноябрда Талас областындагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча  аяктаган.

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

2005-2007 жылдары «КАSI трейнинг» Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;

2007-2009 жылдары  «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт»  фракциясынын лидеринин орун басары.

2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланды.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.