Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-87-89

1970-жылы Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Ат- Башы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Эсеп-коммерциялык факультетин, 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ат-Башы районунун РайПОсунун улук бухгалтери кызматында баштаган.

1995-жылдын декабрь айынан июнь айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын Октябрь районунда инспектор;

1995-2003-жылдары –Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында инспектору, сектор башчысы;

2003-2006-жылдары - Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча башкармалыгынында  бөлүм башчы;

2006-2008-жылдары - Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району боюнча башкармалыгында бөлүм башчы;

2008-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу Мамлекеттик инспекциясынын директору;

2010-2015жылдары  V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган. 2010-2012-жылдары КР  Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, 2013-2015-жылдары КР  Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  депутаты болуп шайланган. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.