Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети

Айдаров Салайдин Абдираевич

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312-63-85-50

Айдаров Салайдин Абдираевич 1969- жылдын 17-июлунда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1992- жылы Бишкек шаарынын К. И. Скрябин атындагы айыл-чарба институтун «окумуштуу аграном» кесиби боюнча аяктаган. 1996- жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «экономист-менеджер» деген кесибине ээ болгон.

1988-1989 -жылдары Советтик армиясынын катарында кызмат өтөгөн.

1994-2004- жылдары Мамлекеттик бажы кызматында ар кандай кызмат орундарын аркалагап келген.

2009-2010- жылдары Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында тораганын биринчи орун басары болуп иштеген.

2009- жылы Мамлекеттик бажы кызматына көп жыл эмгек өтөгөнүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулган.

Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 2 уулдун атасы.

2007- жылы Кыргыз Ресубликасынын бажы кызматынын атайын генерал-майор наамын алган.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.