Тиллаев Таабалды Гапырович

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-88-79

1976-жылдын 07-майында Кыргыз республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.

Жогорку билимдуу. 2005-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.

1999-2000-жылдары «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары.

2001-2003-жылдары Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.

2003-2007-жылдары Талас, Чуй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.

2012-2013-жылдары «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор.

2013-2014-жылдары «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунда генералдык директор.

2015-жылы “Республика –Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутаттыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.