Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети

Тулендыбаев Пархат Розымович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-92-68

1960-жылдын 4-июнунда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүгүү жана ишмердүүлүк Институтунун “Финансы жана кредит” факультетин бүтүргөн. 

 2014-ж. Кыргыз Республикасынын Тышки иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясындагы “Эл аралык мамилелер” факультетинде Эл аралык мамилеле адис.

1983-ж. Бишкек шаарында дүкөн жетекчиси катары эмгек ишкердигин баштаган.

1983-1991-жылдары коомдук тамак-аш тармагында Бишкек шаарында иштеген.

1998-2007-жылдары жеке ишкер катары эмгектенген.

2001-2007-жылдары “Уан Джун” ЖЧК, “ ИРК ЛТД” компанияларында коммерция боюнча директор.

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты.

2010-2015-жылдары “Кальпэн” ЖЧКда коммерция боюнча директор.

2015-ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышыдагы депутат, «Республика - Ата Журт» саясий партиясынан шайланган.