Сулейманов Бахадыр Искакович

"Ата Мекен" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-89-40

1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Новосибирь институтун “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров райкерекжаракбирлигинин Киров нан-булочка комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986-1989-жылдары Киров райкерекжаракбирлигинин Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары Чүй областынын Кант райкерекжаракбирлигинин директорунун орун басары, 1991-2001-жылдары Чүй областынын Кант дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору болуп иштеген.

2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө иштеген.

1996-2000-жылдары Кант райондук эл депутаттар  кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2011-2015-жылдары “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутат болуп шайланган. КЭР, ГФР, АКШ, Канада жана Япония менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттык достук тобунун курамында КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын социалдык саясат жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болгон.

2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин башкармасыны төрагасы, Кыргызстан элдери ассамблеясынын президиум кеңешинин мүчөсү;

2015-жылдын 4-октябырында  “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

III- класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык ченине ээ.

Алган сыйлыктары:

- Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына “Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалы;

- Орусия Федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин “Мамлекеттик резервдерге 75 жыл” медалы.

- СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун “Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн алтын медалы;

- Афганистан согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин “Афганистандагы согуштун ардагерлер Кеңешине 20 жыл” медалы;

- “КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” КМШ ПААнын Ардак грамотасы;

- “Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” КМШ ПАА достугу” ордени менен сыйланган.