Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1963-жылы 3-декабрда Ош областынын Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган.
 

Жогорку билимдүү. 1986-жылы Воронеж политехникалыкинститутунунфизико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетини экономикалык факультетин бүтүргөн.2008-жыл Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн.
 

Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган.
1981-1986-жылдары Воронеж политехникалык институтунунстуденти.
1986–1988-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, чебер. 
1988–1991-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, өндүрүш цехини башчысынын орун басары. 
1991-1992-жылдары- “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, цехтин башчысы. 
1992-1993-жылдары– “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары. 
1993-1997-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, экономика боюнча вице-президенти. 
1997-2004-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, Генералдык директордун экономика боюнча орун басары.
2004-2005-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, коммерция боюнча директору.
2005-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинине №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган.
2006-жылы эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.
2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, башкарманын төрагасы.
2007-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешини депутаттыгына шайланган.
2007-жылдан баштап КР ЖКнын өндүрүш, соода, туризм, ийри жана кичи бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.
2009-2010-жылдары КР ЖКнын “Ак-Жол” фракциясынын лидери.
2014-жылдан баштап АЧК “ФККС”, директорлор кеңешинин мүчөсү.
2016-жылдын майында "Бир Бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
 

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер.Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги.
 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл”, Орус суу алдындагы флотунун 100-жылдыга арналган, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттери аралык Ассамблеясынын 15-жылдыгына арналганмедалдары менен жана Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгына, достугуна чоң жеке салым кошкондугу үчүн Улуу Петр II даражадагы Ордени менен сыйланган. 
 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.