Өмүрбаяны
1957-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1977-1981 жылдары Москва шаарындагы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) окуган. 1983-жылдары Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Россия театралдык искусство институтун (ГИТИС) «актер, режиссер» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарындагы К. Жантошев атындагы Ысык-Көл драмалык театырында режиссер, актер болуп иштөө менен баштаган.
2007-2011-жыжлдары Бишкек шаарында «Бишкек-Фильм» студиясында режиссер;
2012-2014-жылдары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Сакчы»ишканасынын директорун орун басары.
2014-2015 жылдары «Бишкек» ЭЭАдагы «Сервис» ишканасында жетектөөчү адис болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Эки баланын атасы.