Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагыКыргыз улуттук университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылыУлуубританиянын Бристолдук университетинин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айынан баштап Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.

2004-2006-жылдары КР Социалдык фондунун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

2006-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын август айына чейин «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.