Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1963-жылдын 17-майында Кант районунун Жер-Казар айылында туулган, улуту – кыргыз, билими – жогорку, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин юрист кесибин аяктаган. «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясый партиясынын саясый кеңешинин төрагасы. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Эмгек жолун 1978-жылы «Алга» колхозунда малчы болуп иштөө менен баштаган, ошол эле убакта кечки мектепте окуган. 1979-жылы Аламедин ДСУда уста-бетончу, машинист-экскаватордун жардамчысы болуп иштеген.

1981-1983-жылдары Афганистан Демократиялык Республикасындагы аскердик иш-аракеттерге катышкан. Милдетин ак ниеттүү каргандыгы үчүн, ошондой эле интернационалдык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана аскердик каармандыгы үчүн өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган.

1984-1990-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин, ДСКда, «Киргизэнергострой» УСда экскаватор машинисти болуп иштеген.

1990-1992-жылдары «Севремстройбыт услуги» башкармалыгында уста болуп иштеген. 1993-жылы «ЭС» Афганистандагы согуштун ардагерлеринин ишкерлер ассоциациясынын төрагасы болуп шайланган.

1994-жылы Кыргызстандын экономикалык биримдиги партиясынын саясый кеңешинин төрагасы болуп шайланган, ал партия 1999-жылы «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясый партиясына өзгөртүлгөн, анда азыркы күнгө чейин саясый кеңештин төрагасы болуп саналат.

1994-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешменин курамына бекитилген.

Баткен областында эл аралык террористтер кол салганда алгачкы ыктыярчылардын катарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогон. КР Президенти Аскар Акаевдин 2000-жылдын 3-февралындагы № 21 Жарлыгы менен эл аралык террористтерден Ата мекенди коргоого активдүү катышканы үчүн “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2000-жылдын жазында “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын” саясый партиясынын атынан бирдиктүү республикалык шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган.

2000-жылдын 20-апрелинде КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Экономикалык саясат жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Депутат болуп турганда Таштанбеков А.Д. мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде 10дон ашык мыйзам долбоорун даярдаган жана киргизген. Алардын катарында маанилүүсү: “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө”, “Жеңилдетилген салык салуу системасы жөнүндө” мыйзам долбоорлору, аларды өз убагында кабыл алуу республикада оң резонанска ээ болгон.

2001-жылдын 7-декабрында КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын УП № 359 Буйругу менен “2-класстагы мамлекеттик кеңешчи” класстык чини ыйгарылган.

Анын активдүү катышуусунда, ошондой эле анын Экономикалык саясат жана ишкердик боюнча комитетке төрагалыгы астында мурда кабыл алынган 20дан ашык мыйзамга, анын ичинде “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу

жөнүндө”, “Банкроттук жөнүндө”, “Эркин экономикалык аймактар жөнүндө”, “Чарбалык ширектештиктер жана коомдор жөнүндө”, “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана тылдын эмгекчилери жөнүндө”, “Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзамдар кабыл алынган.

2002-жылдын майында Үзөңгү-Кууш жерин Кытайга берүү боюнча добуш берүүдө болгону 2 депутат каршы добуш беришкен, алардын бири Таштанбеков А.Д. болгон.

Таштанбеков А.Д. демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы буйругу менен Чүй областынын агрардык секторунда түзүлгөн кырдаалды изилдөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Бул комиссияда иш жүргүзүүдө бузуулар аныкталган жана КР Президентине берилген маалым катта аларды жоюу боюнча чараларды көрүү сунушталган.

Депутат Таштанбеков А.Д. тарабынан Чүй областындагы агрардык-жер реформасын иликтөөнүн алкагында жергиликтүү жетекчилер жеке максаттарда пайдалануу менен, 20 миң гектардан ашык жер бар экенин жашырып келишкени аныкталган. Натыйжада Ысык-Ата районунда гана 2700дөн ашык дыйканга кошумча жер үлүшү берилген жана мүлктөгү үлүштөш салым 500 млн сомго көбөйтүлгөн.

КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынында иштеген мезгилде Таштанбеков А.Д. Кыргызстандан адамдын сөөктөрүн жана органдарын ташып чыгаруу боюнча эл аралык синдикатты ачыктаган. Кыргыз медиктери Германияга өлтүрүлгөн адамдын сөөктөрүн жана абакта отурган адамдардын же психиатриялык клиникалардын бейтаптарынын адам органдарын жөнөтүп турушкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында КММА ректору Искендер Акылбеков ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле КММА оперативдик хирургия курсунун башчысы Габитов В.Х., РПАБ башкаруучусу Турганбаев Ж.Т. жана РБСМЭ башкаруучусу Турдалиев Б.Ж. кызматынан бошотулуп жана кылмыш иштери козголгон. ИК-26 кургак учук-өпкө ооруканасынын башкаруучусунун орун басары Т. Токтосуновго, ИК-31 кургак учук-өпкө ооруканасынын башкаруучусу К. Мукаевге, ИК-27 башкаруучусу И. Шариповага, кургак учук ооруканасынын башкаруучусу Б. Шадыхановго карата айып тагылган.   

Таштанбеков А.Д. тарабынан Кыргыз темир жолу башкармалыгында орун алган кызматтык абалды кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды уурдоо, мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары ачыкталган. Натыйжада негизги фигурант Иса Өмүркулов болгон 5 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан КТМБ тарабынан 4,4 млрд сомдон ашык суммада мамлекетке келтирилген зыян аныкталган.

2010-жылдагы июнь окуяларында республиканын түштүгүндө милиция жана башка күч түзүмдөрү тартипти калыбына келтирүүдө кыйынчылыктарга кабылганда, Ташбанбеков А.Д. ардагер-ооганчылар менен бирге этностор аралык кагылышууну жөнгө салууга катышкан.

Таштанбеков А.Д. 2002-жылы Афганистан Республикасында интернационалдык милдетин аткарууда жана Баткенде эл аралык террористтер менен күрөшүүдө Мекенди коргоодо каза болгон кыргызстандыктарга арналган Эстелик китепти чыгарган. Бул китеп – мекен үчүн өз өмүрүн берген кыргызстандыктардын элесине болгон таазим.

2020-жылы Таштанбеков Акбокон тарабынан масштабдуу автожарыш өткөрүлгөн. Бүтүндөй өлкө боюнча 40 күн жана түн, муздакта жана ысыкта, Кыргызстандын эң чети болгон Лейлек районунун Кулумду айылынан башталган автоколонна өткөн, 40-50-жылдардагы курап бириктирилген 28 советтик автомашинаны автожарыштын катышуучулары түртүп жүрүп отурушкан. Алар арабызда аман жүргөн Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине барып жана ар бирин жеңиш майрамы менен куттукташкан.

Таштанбеков А.Д. тарабынан бүтүндөй республика боюнча муктаж болгон майыптар үчүн 264 майыптар арабасы берилген. Таштанбеков А.Д. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын” саясый партиясынын саясый кеңешинин төрагасы, ошондой эле коомдук ишмердүүлүк жана кайрымдуулук менен алектенип келет.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.