Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1979-жылы 7-сентябрында Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун М.Баетов айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү.

2001-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетин аяктап,  инженер кесибине  ээ болгон.

2018-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын, “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

2001-2002-жылдары №12 Турак- жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер; 

2002-2003-жылдары №4 Турак- жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер; 

2003-2006-жылдары «Чындоо» ЖЧК курулуш фирмасында - мастер, инженер, башкы инженер; 

2006-2008-жылдары «Интер- Альянс» ЖЧК - башкы энергетик; 

2008-2011-жылдары «Профит Экспресс» ЖЧК – курулуш компаниясында аткаруучу директор;   

2021-жылы "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Тѳрагасы.

  Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы (2018-жылы);

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (2020-жылы);

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2018-жылы);

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Архитектура, Курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин  Ардак грамотасы (2019-жылы);

Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин юбилейдик медалы (2018-жылы);

Кыргыз Республикасынын Президентинини алдындагы Башкаруу Академиясынын Ардак грамотасы (2012-жылы);

Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2011-жылы);

Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2016-жылы);

Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2017-жылы);

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын Ардак грамотасы (2013-жылы);

Нарын облусунундагы Ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы (2021-жылы);

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ардактуу Автотранспортчу" төш белгиси (2022-жыл);

Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Үй бүлөөлү, төрт баланын атасы.