Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1984-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.

Билими жогорку. 2006-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн;

Эмгек жолун 2002-жылы чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болуп баштаган;

2003-жылы “Бийиктик” басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер болуп иштеген;

2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубун негиздеп, бүгүнкү күнгө чейин жетектөө менен «Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы да болуп коомдук негизде иштеп келген;

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон;

2007–2008-жылдары Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы болуп эмгектенген;

2008-жылы Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын “Жаштык” радиосунда эмгектенип, 2010-жылдан 2015-жылга чейин “Кыргыз радиосунун” башкы редактору болгон;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү” башкармалыгынын милдетин аткаруучу, ушул эле жылдан 2017-жылга чейин министрдин кеңешчиси кызматын аркалаган;

2015-жылдан тартып Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы;

2017-жылы “Устат Академиясын” негиздеген;

2018-жылдын ноябрь айынан бери “Марал” радиосунун маданият бөлүмүнүн продюссери;

2019-жылы “Маалымат” чыгармачыл-өндөрөштүк бирикмесинин продюсери кызматына кабыл алынган;

2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган;

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.