Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында 1982-жылдын 22-августунда туулган;

Эки жогорку билими бар. 1999-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигине тапшырып, 2003-жылы “Саясат таануунун бакалавры” квалификациясына ээ болгон, 2004-жылы ушул эле адистик боюнча магистратураны аяктап, “Эл аралык мамилелер жаатындагы адис” квалификациясын алган;

2010-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетинин юридика факультетин аяктап, юрист квалификациясына ээ болгон;

Эмгек жолун 2011-жылы Бишкек шарындагы “Аверс” Юридикалык компаниясы” ЖЧКсында юрист-консультант болуп иштеп баштаган;

2014-жылдан 2021-жылга чейин “Кут-Билим” Окуу-билим берүү борбору” ЖЧКсында директор кызматын ѳтѳгѳн;

2012-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешине депутат жана тѳрагасынын орун басары болуп шайланып, бул кызматтарды 2015-жылга чейин аркалаган;

2010-жылдан баштап 2012-жылга чейин “Кыргыз Республикасынын Дунгандар Ассоциациясы” АКсынын Башкармалыгынын мүчѳсү жана президентинин ыйгарым укуктуу ѳкүлү болгон;

2012-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Республикасынын Дунгандар Ассоциациясы” АКсынын жаштар саясаты боюнча вице-президенти кызматын алып барган;

2016-жылдан тарта  “Кыргызстан Дунгандар ассоциациясы” АКсынын тѳрагасы;

2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына Чүй облусунун №23 Мосвка шайлоо округу  боюнча депутат болуп шайланган;

Үй-бүлѳлүү, 3 баланын атасы.